АЦЕТАЛЬДЕГИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:17, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЦЕТАЛЬДЕГИД,  у к с у с   а л ь д е г и д и, СН3СНО ‒ кескин жыттуу, түссүз суюктук. Мол. масса 44; б. эрүү t 124°С; кайноо t 20,8°C; cуу, спирт, эфир м-н бардык көлөмдө аралашат. Касиеттери альдегиддерге окшош, альдолдук конденсация реакциясына оӊой кирет: 2СН3СНО ® СН3‒ СН(ОН) ‒СН2‒СНО. Минерал к-таларынын катышуусунда суюк паральдегидге (СН3 СНО)3 ж-а метальдегидге (СН3СНО) 4 полимерленет. Бул эки полимерди күкүрт к-тасын кошуп ысытканда А. пайда болот. Ал сымап тузунун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу жолу м-н алынат (к. Кучеров реакциясы ). Уксус к-тасын, уксус ангидридин, бутадиенди, ацетальдолду, жасалма чайырларды ж. б. алууда колдонулат.