АХУНБАЕВ Иса Коноевич
АХУНБАЕВ Коноевич [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы ‒ 5. 1. 1975, Фрунзе] ‒ хирург, медицина илимд. доктору (1948), проф. (1949), СССР МИАнын корр. мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын акад. (1954) ж-а туӊгуч президенти (1954‒60). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмг. сиӊ. врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1974). Ташкенттеги О. Азия мед. ин-тун бүтүргөндөн кийин (1935),
Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935‒37), Фрунзе ш-дык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941). 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, о. эле мезгилде 1948‒52-ж. КММИнин директору , 1952‒54-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары ж-а төрагасы. Кыргызстанда мед. илимин өнүктүрүүдө ж-а жерг. мед. кадрларды тарбиялап чыгарууда чоӊ роль ойногон. Ил. изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок ж-а жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси м-н Респ. клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) ж-а Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык ил. эмгектин (а. и 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык ил. ж-а коомдук форумдарга, 4 жолу хирург. конгресске катышкан. Австралия, Франция, Грекия, Канада ж. б. мамлекеттерде ил. докладдарды окуган. СССР Жогорку Советинин 2‒4 шайланышынын ж-а Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5‒6 шайланышынын депутаты болгон. КР УИАнда Ахунбаев атн. сыйлык белгиленген, Бишкек ш-нын ж-а Тору-Айгыр айылынын борб. көчөлөрүнө, Респ-лык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Ре
волюциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси » ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. КММАнын алдында айкели ортонотулган.
Эмг.: Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н. С. Андросов м-н авторлош); Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964; Проблема эндемического зоба в Киргизии . Ф., 1965; Аппендицит детского возраста . М., 1947; Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963; Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967; Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.