АЛКАЛОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:02, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКЛКАЛОИДДЕР ‒ азоту бар өсүмдүктөрдөн бөлүнүп алынуучу орг. негиздер. А. өсүмдүк курамында алма, шарап, лимон, акак, козу кулак ж. б. к-талар м-н көбүнчө орг. туз түрүндө кездешет ж-а алардан ар түрдүү хим. жолдор м-н  бөлүнүп алынат. Эгерде кургатылган өсүмдүк курамында 1‒2 %ке чейин А. болсо, андай өсүмдүк А-ди алууга толук жарамдуу деп эсептелет. Ал өсүмдүктөр өтө эле ар түрдүү (к. Алкалоиддүү өсүмдүктөр). Азыркы күндө миӊден ашык А. белгилүү. Көпчүлүгүнүн түзүлүшү өтө татаал. Мис., морфин 1806-ж. белгилүү болсо да, анын түзүлүшү 1953-ж. синтезделип алынгандан кийин гана аныкталган. 20-к-да химиктер А-дин түзүлүшүн аныктоодо чоӊ ийгиликтерге жетишти. Көпчүлүк А. түссүз кристалл ж-а физиол. активдүү заттар. Алар баалуу дары болгондуктан адамдын белгилүү органдары м-н системаларына күчтүү таасир тийгизет. Мис., стрихнин, кофеин адамдын борб. нерв системасын дүүлүктүрсө, морфин аны тынчтандырат.  Өсүмдүк курамынан ж-а синтез жолу м-н алынган А-дин көпчүлүгү эл чарбасында, айрыкча медицинада кеӊири колдонулат. Ад.: Орехов А.П. Химия алкалоидов. 2-изд., М., 1955; Генри Т. А. Химия растительных алкалоидов, пер. с англ., М., 1956. 
                                                                                                             С. Адылов.