АЛИЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:53, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛИЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР ‒  молекуласы көмүртек ж-а суутек атомдорунан турган туюк чынжырлуу (циклдүү) орг. бирикмелер. Алар молекуладагы көмүртек, суутек атомдорунун катышына ж-а көмүртек атомдорунун бири-бири м-н байланышуу мүнөзүнө жараша циклопарафиндер, циклоолефиндер ж-а циклоалкиндер болуп бөлүнөт. Циклдердин туруктуулугу 3 мүчөлүү өкүлүнөн 6 мүчөлүү өкүлүн көздөй жогорулайт. Хим. касиеттери циклдеги көмүртек атомунун санына көз каранды. Кичине циклдүү өкүлдөрүндө реагент таасир эткенде цикл үзүлүп, аларга кошуп алуу реакциялары мүнөздүү. Циклопентан катализатордун катышуусунда суутек молекуласын кошуп алып, пентанга айланат. Циклогександы ж-а анын гомологдорун катализатордун катышуусунда ысытканда суутек молекуласы бөлүнүп, ароматтуу углеводороддор пайда болот. А. б. табиятта түрдүү орг. заттардын курамында кездешет. Айрыкча циклогексан ж-а анын туундулары көп таралган. А.б. жасалма була алууда аралык зат ж-а ракета учурууда күйүүчү зат (отун) катары колдонулат.