АВИС ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:45, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВИС ДИНАСТИЯСЫ (1385–1580) – португалиялык королдордун династиясы. Негиздөөчүсү – Авис орденинин (1147- же 1148-ж. негизделген, Португалиядагы Реконкистанын тарыхында зор роль ойногон орден) улуу магистри Жуан I. А. династиясынын акыркы башкаруучуларынын мезгилинде Португалияда абсолютизм калыптанган.