АВИЗО
Jump to navigation
Jump to search
(итал. aviso) – эсеп операциясынын аткарылгандыгы тууралуу банктын расмий билдирүүсү. А. айрыкча банктар өзара эсептешүүдө көп колдонулат. Анын негизги реквизиттери: номери, операция катталган дата, мүнөзү, суммасы, төлөөчүнүн же кепилдин аталышы. А. кардарларга алардын эсептери б-ча дебеттик каттоо, аккредитивдерди ачуу, чектерди жана которулма векселдерди коюу, акча которуу, алардын эсебиндеги акча калдыктары жана баш ка операциялар ж-дө кабарлоо үчүн колдонулат.