АВАНС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:02, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАНС (фр. avance) — материалдык баалуулук, аткарылган иш ж-а көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдыда боло турган төлөм эсебинен берилүүчү акча суммасы. А. кредиттин өзгөчө түрү болуу м-н жеткирүүчүнүн, иш аткаруучунун ж-а кыз мат көрсөтүүчүнүн жугуртуу каражатынын көлөмүн көбөйтөт. Тышкы соода операцияларында А. контракттын жалпы суммасынын 10-15% ин түзөт. Контракт аткарылбаса, А. сөзсүз кайтарылып берилет.