АБРОЙЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРОЙЛУУ МААЛЫМАТ – мааниси, тактыгы, аныктыгы ж-а сапаты боюнча эч кандай күмөн туудурбай турган жана ишенимдүү булактардан алынган маалымат. Аны массалык-маалымат каражаттарына (ММКга) жарыялап туруу коомдук жоопкерчиликтин эң маанилүү талаптарынын бири болуп саналат. Коомдук пикирди акыйкат маалыматтар менен камсыз кылууда мындай маалыматтын ролу өтө жогору.