АБОРИГЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:24, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (лат. Aborigines - байыркы) – жергиликтүү эл. Байыркы Римде Лационун калкы А. деп аталган. Учурда А. деп негизинен австралиялык аборигендер аталышат. А. терминине «автохтондор» термини жакын түшүнүктө болуп, жерг. калк дегенди түшүндүрөт. А. көбүнчө өлкөнүн, белгилүү бир аймактын байыркы калкы катары өз ара уруу-тайпалык, тууган-туушкандык ж-а коомдук-тарыхый, экон. карым-катнашта болушкан, к. Австралиялыктар.