АВИАМОДЕЛИЗМ
Jump to navigation
Jump to search
– тех. же спорттук максатта учуучу аппараттардын, а. и. ракетанын моделин конструкциялоо ж-а түзүү. Тех. А. учуучу аппараттарды куруунун ил.-тех. тажрыйбала
рынын маанилүү маселелерин чечүүгө жардам берет. Орус ойлоп табуучусу А. Ф.
Можайский 1-самолёт курууга анын моделинин (1876-77) учуу шарттарын изилдөө м-н жеткен.
Н. Е. Жуковский авиамоделдерди учуруу м-н нерсенин абадагы кыймылынын
законун ачкан. Азыркы учурда да тажрыйбалык самолётту жасоо үчүн, анын кичинекей мо дели аэродинамикалык түтүктө изилденип, мү нөздөөчү сапаттары аныкталат. Спорттук А. спорттун кеңири тараган тех. түрү. Тех. жактан жакшы моделдердин учуу ылдамд. 100 км/ска., учуу убактысы бир нече саатка ж-а аралыгы жүздөгөн кмге жетет.