АБСОЛЮТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, а б с о л ю т т у к (лат. absolutus көзкарандысыз, чексиз, эркин) – баарына бирдей жалпы болмуштук негизди, бүт бардык нерселерден айрымдыгын ж-а алардан таптакыр көз карандысыздыгын билдирүүчү филос. ж-а теологиялык термин. А. өзүнө өзү жеткилең, бүт бардык жагынан жетилген ж-а аяктап бүткөн

нерсе катары бардык салыштырмалуулукка (relativum), шарттуулукка (sub conditione), о. эле түпкүлүктүүлүккө (finitum) карама-каршы коюлат. Грек философиясы б-ча, А-тун формалдуу аныктамасы Платондун «Парменида» диалогунун биринчи гипотезасындагы Баарына бирдейлик түшүнүгүнүн маанисине туура келет. Анда Баарына бирдейликтин өзү ар кандай баяндоочторду (предикаттарды), а. и. карама-каршы келгендерин да жокко чыгарат (танат). Баарынабирдейлик бардык аныктамалардан эркин, аны «атоого да, айтууга да, ал тууралуу пикир жасоого да, аны таанып билүүгө да болбойт», делет. Акылбаамдык (Умозримость) м-н болмушту (бытиени) төптөш (тождественный) деп эсептеген. Платон үчүн Баарына бирдейлик жок дегенди билдирген. О. эле убакыттын өзүндө Баа рына бирдейлик категориясысыз деги эле эч нерсе түшүнүүгө мүмкүн эмес. Плотиндин неоплатонисчил философиясында нукура болмуш чөйрөсү м-н Акыл төптөштүрүлөт, анткени Акыл - бул ойлоочу м-н ойлоого туура келе тургандын биримдигин туюндурган болсо, Баа рына бирдейлик, б. а. А-ка берилмекчи болгон ар кандай аныктамалардын баары маанисиздик экени ж-дөгү маселе келип чыгат. Баарына бирдейлик деген артыкчылыктуу Акыл катары ой жүгүртпөйт ж-а ал ойлоого алууга мүмкүн болбогон нерсе. Ошондуктан билимди, акыйкатты, болмушту Баарына бирдейликке тийиштүү кылып жамай салууга болбойт. Ал бар нерселердин баарына тең - трансценденттүү. Андай болгон соң ар кандай аныктамаларды танат. Христиандык дин илими А. түшүнүгүн Кудай түшүнүгү м-н байланыштырат. Григорий Богослов Кудайды «баарынан жогору туруучу» деп атайт. «Кудайга Гимнде» Кудай, айтууга сөз жетпеген, андоого акыл дарамети алсыз, ар кан дай болуп жаткандардын себепкери, баарына бирдей таандык, ал эми болгондордун баары эч кимге эч кимиси эмес да»,- деп мүнөздөлөт. Жаңы доордун философиясы A-ту Кудай м-н төптөштүрүлүшүн ж-а A-ту баарынан толуктугу катары түшүнүүсүн дин илиминен мурастан калган эле. А-ка карата азыркы мамиле антимониячыл (эч каршылыксыз далилге гана жол берүү) болуудан калды; өзүнүн трансценденттүүлүгүн жоготуп, имманенттик дүйнө ка тары талкуулана баштады. Б. Спиноза Кудай ды «абсолюттуу чексиздик катары» (end absolute infinitum) аныктаган. Анын оюнча Кудай - бул өзү Анык реалдуулукка ээ болгон бирден бир Субстанция, ал эми калгандары, анын гана модификациясынын маңызы. Кудай ж-дөгү Спинозанын түшүнүгү Ф. Г. Якоби тарабынан кес кин сынга алынып, филос. түшүнүк A-ту Ку- дай м-н төптөштүрүп кароонун жөндүүлүгү канчалык экени тууралуу маселени көтөрүп чыккан. А-тагы аңыздалган Кудайга караганда Библиядагы Кудайдын мүнөздөмөсү алда канча көтөрүңкү маанайда. Анын үстүнө Кудай кудуретинин ачылыштары рационалисттик философиянын каражаттары м-н таанылбайт, булардын каражаттары ж-а аракеттери көпчүлүк учур да пантеизм м-н атеизмге алып барат. Кудай керемети даанышман сезим м-н сергек ишеничке ачылат. Бул жагынан И. Г. Фихтенин көз карашы да оргиналдуу. Анын ырастоосу б-ча А. бул абсолюттук «Мен» дегендин өзү. Ал эми Ф. В. Шеллинг өз түшүнүгүн: А. бул объект м-н субъекттин абсолюттук төптөштүгү катары сунуштайт. Г. В. Ф. Гегель A-ту ушундай түшүндүрүүчүлөрдү катуу сындаган. Гегель үчүн нукура А. - бул Рух, өзүндөгү процесстин мазмуну барып турган абстракттуу аныктамалардан, жеткен конкреттүү аныктамаларга карай бараткан ырааттуу кыймыл түрүндөгү ачылышка ээ болгон жандуу Субстанция болуп саналат. Ошондой А. бир эле убактын ичинде «өзүндөгү» ж-а «өзү үчүн» болмушу болгону. «Өзүндөгү болмуш» катары ал баарына бирдей тийиштүү жалпылыктын түздөн-түз көрүнүшү, бүткүл нак болмуштан айрым турган, накайтаза өзүнө өзү төп келген төптөштүк. Тескерисинче, «өзү үчүн болмуш» катары А. өзүнөн бөлөктөрүн да өзүнө камтыйт. Ошентип, формалдуу аныктаманы түзгөн, карама-каршылыктардын бул эки кыйдамы (моменти) Рухтун өзүн өзү табуу процессинде бирине бири дал келүүчү баштапкы ж-а аяккы чекиттер катары түшүнүлүүгө тийиш. A-ту «абсолюттуу аң-сезим» же «тажрыйба» м-н төптөштүрүлгөн Баарына бирдей таандык бүтүндөй бир чексиз реалдуулук катары түшүндүрүп келишкен. Ал эми А-тук идеализм деп аталгандардын талапкерлери Ф. Брэдли, Ж. Ройс сыяктууларга бул жетектөөчү мааниге ээ категориядан болуп саналат.

Т. Абдылдабеков.