АБСЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (лат. abscessus - ириң) – ткандагы же органдагы сезгенүүдөн пайда болгон ириңдөө. Ириңдетүүчү микроорганизмдер (стафилакокк, стрептококк ж. б.) жараланган тери, чел аркылуу организмге кирип, же айрым органдарга (мээ, боор, өпкө ж. б.) лимфа, кан тамырлар аркылуу таралат. Канга кирген микроб аны сезгентип, ириндетет, ткандар бузулуп, ириң көңдөйү пайда болот. А. өзү эле же башка бир оору нун кабылдоосунан пайда болушу мүмкүн. Теридеги же былжыр челдеги A-те ал жер кызарып шишийт, ысыйт, лукулдап ооруйт, дененин темп-расы да көтөрүлөт. Ал эми терең жайгашкан A-те ошол органдын иши бузулат, дене ысыйт, ооруйт. Организмдин коргонуу реакциясынын натыйжасында ириңдеген жердин айланасында жараланбаган ткандан чектөөчү жука чел кабык пайда болот. Күчөгөн A-те ириң көңдөйүнө ириң тез толуп, чел жарылып, ириң териге, ички орган көңдөйүнө (ичеги, карын, бронхтор ж. б.) тээп чыгуу м-н андагы жабыркоо басаңдайт да, ириңдеген жер айыгышы мүмкүн. Бирок бардык учурда эле ириңдеген жер айыгып кетпейт, анткени ириң жарылганда айланасындагы ткандарга тарап, ириңдүү сезгенүүнүн жайылышына, флегмонага, ал гана

эмес сепсиске (кандын сезгенишине) алып келиши мүмкүн. Ириңдин жабык көңдөйгө (көкүрөк же курсак) бөлүнүп чыгышы өмүргө коркунучтуу өтө оор кабылдоону — перитонит ж-а ириңдүү плевритти пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан А. кайсы жерде болбосун (териде же органда) хирург, жол м-н дарыланат. Жеке гигиена эрежелерин туура сактоо м-н А-ти алдыналууга болот.