АБОЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Роберт Иванович (18. 5.1886, Рига – 17. 12. 1942, Чыгыш Сибирь) – орус энциклопедиячысы, топурак таануу ж-а физ. геогр. б-ча ири адис. Биология ж-а а. ч. илимд. док тору (1934), проф. (1930). Петербург токой чарба ин-тун бүтүргөн (1913). Ил. ишин 1908-ж. баш таган. 1915-жылдан Түш. Казакстандын чөлдөрүн, Кырг-ндын бийик тоолуу жайыттарын, О. Азиянын геоботаникасын, топурагын, а. ч-н, агроклиматын ж-а физ. географиясын изилдеген. 1930–37-ж. СССРдеги чөлдөрдү изилдөөнү башкарган. О. Азияда, Казакстанда, Дагстанда ж. б. жерлерде эксперименттик ж-а комплекстүү стационардык изилдөөлөрдү уюштурган. О. Азия м-н Казакстанды табигый жактан райондоштуруп, алардын табигый-чарбалык аймактарын ажыраткан.

Эмг.: Основы естественно-исторического райони рования Советской Средней Азии. Таш., 1929; От пустынных степей Прибалхашья до снежных вершин Хантенгри. JI., 1930.