АБЕЛЯР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:58, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – о. кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-ж. өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши м-н аяктаган. А-дын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). А-дын ою б-ча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс м-н ырасталышы керек. Ыйык жазуулар ж-а чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, а. и. «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу м-н уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. А-дын чыгармалары азыр да окумдуу.	
                                                                                                                         Т. Эсенгелдиев.