АБДЫЛДА Дөөлөт уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу (1899, Ош обл., Өзгөн р-ну, Алга айылы – өлгөн жылы белгисиз) – манасчы. «Манас» айтууну жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген ж-а мыкты айткан. 1966–70-ж. Абдылда Беки уулунан «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алынган. Бул эпизоддор негизинен Манас ж-а анын кырк чоросу м-н Алмамбеттин таанышышы, Алмамбеттин аларга кошулушу, Алмамбеттин кеңеши боюнча Манастын Каныкейге үйлөнүшү, алардын шаан-шөкөт м-н Таласка көчүшү сыяктуу окуялардан турат. 1970-ж. Абдылдадан «Көкөтөйдүн ашы» (көлөмү 32 бет) жазылып алынган. Эпизод Көкөтөй өлүп, кара ашын берип, ага күмбөз салдырып, эми чоң ашын беребиз деген кеңештен башталат. Окуя ашка даярданып, Манас чоролорун ээрчитип, жолго чыгышы м-н бүтөт.