АБДУКАДЫРОВ Абдурашид

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 Абдурашид (1919, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Сузак кыш. – 1978, ошол эле жерде) – а. ч. өндүрүшүн уюштуруучулардын бири, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Эмгек жолун
АБДУКАДЫРОВ28.png

1935- .ж. «Москва» а. ч. артелинде катардагы колхозчудан баштаган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1946-жылдан колхоздун башкы бухгалтери, 1959-жылдан Сузак р-нундагы «Москва» колхозунун башкармасынын төрагасы. Ал жетектеген колхоздо пахтадан көп жылдар бою жогорку түшүм алынып,
чарбанын экономикасы чыңдалган. Ленин ордени м-н сыйланган.