АБА МУЗДАТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– өнөр жайларда, үй-тиричилигинде абаны муздатуучу, темп-ра алмаштыруучу аппарат. Абаны муздатуунун негизги үч системасы бар: 1) түздөн-түз муздатуу – муз датуучу агент (аммиак, фреон) муздаткыч камераларынын капталдарында орнотулган батареялар аркылуу акканда, ал камерадагы аба нын жылуулугун өзүнө тартып алат; 2) туздардын эритмелери м-н муздатуу - эритмелерди же сууну форсунка м-н чачыратканда аба муздайт; 3) айкалыштырылган муздатуу – жогоруда аталган эки түрдөгү анпараттардын принциптери бирге иштетилет. Аба м. кургак ж-а буулуу болуп бөлүнөт. Муздатуу техникасында фарфор шакекчелүү муздаткыч кеңири таралган.