АЛАЙ ИСКЕНДЕРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:10, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛАЙ ИСКЕНДЕРАСЫ (Iskandera alaica) ‒ өсүмдүктөрдүн кайчылаш гүлдүүлөр тукумунун өтө сейрек учуроочу эндем түрү. Көп жылдык. Сабагы көп, түп жагы жалбыраксыз, жыгачка айланган, бийикт. 20(50) см. Өсүмдүктүн бүт органы боз түк м-н капталган. Жалбырагы узата жумуртка сымал, сабагынын түп жагына топтолуп өсөт. Гүл жандоочтору сыя түстө. Июнь айында гүлдөйт. Топ гүлү ‒ саадак, жазы, уз. 6 см, эни 5‒8 мм. Алай өрөөнүнүн Кашка-Суу алабындагы Кызыл-Эшменин чополуу капталдарында кездешет. Уругу м-н көбөйөт. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.