БААТЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

б а а т ы р д ы к, б а а т ы р ч ы л ы к ‒ 1) жоокердик өзгөчө эрдиги үчүн берилген атак. Кеӊири мааниде, адамдан жекече эрдикти, тайманбас каармандыкты талап кылган, жеӊиш үчүн курмандыкка даяр турган өзгөчө улуу ишмердик. Б. атагы байыркы көчмөндөр доорундагы ж о о к е р ч и л и к замандын тикелей туундусу, «эл коргоо кесибинин» бийик үлгүсү. Адатта көчмөн уруулар жамаатташып жашашкан. Алардын туруктуу энчиленген, так чийилип бөлүнгөн «мекендери» болбосо да, көчүп-конуп жүрүшкөн аймактарында мал-жанын, турак-чөлкөмүн гана эмес, атүгүл ата-салтын, ар-намысын, нарк-нускасына чейин коргогон. Мындай коргоочулук вазийпаны аткарууга жамааттагы бардык «эр-бүлө» милдеткер болушкан. Ал эми көчмөндөрдүн өмүр-жашоосунун көп бөлүгү жоокерчилик менен өткөндүктөн, алардын руханий дүйнөсүндө Б-дык аӊыздар ж-дөгү чыгармалар арбын. Ошол себептүү Б-дык сыпаттоолор да кеӊири учурайт. Кыргыз наркында Б-лар төмөндөгүдөй мүнөздөлөт: А д а м д ы н ш е р и ‒ эч кандай коркунуч, эч бир тоскоолдук менен эсептешпеген кызылдай Б.; к а р а к ө к Б. же к ө к ж а л ‒ бир колу кыя чабылып салаӊдап калса да, анысын ийнине таӊып алып же буту кесилип шалактап калса, торбого салып, канжыгага байлап алып уруш майданын таштабай согушун улантып жүргөн көйкашка; и л е к о р Б. ‒ айла-амал, иле менен согушкан Б.; ж е к е Б. ‒ кандай кооптуу болбосун, чакан жоокердик ишке (жылкы тийүүгө) өзү жалгыз аттангандар; э э р ч и м е Б. ‒ өзүнчө кирүүгө батынбай, бирок башкалар жоого качырып киргенде, алардан кем эмес эрдик көрсөткөндөр; о п с у з Б. ‒ эч нерседен жалтанбай жоого тике качырып салгылашкан (көп учурда туткундалып калган). 2) Совет доорунда согушта, өндүрүштө, илим менен мад-тта өнүктүрүүдө көрсөткөн каармандыкта ры жана эбегейсиз зор ийгиликтерди жараткан дыгы үчүн мамл. жогорку бийлик тарабынан берилген расмий наам (к. Советтер Союзунун Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Баатыр Эне). Кырг-нда эгемендик алганы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиӊирген эмгеги, КРдин эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасаган жарандарга КРдин Президенти тарабынан бир гана жолу «Кыргыз Республикасынын Баатыры » эӊ жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылат. Ага татыктуу болгон адамга «Ак шумкар» өзгөчө төш белгиси тапшырылат.

                                                                                                                                   Т. Абдылдабеков.