АШЫРКУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Мисир (8. 1. 1946-ж. т., Чүй обл., Жайыл р-ну, Эркин-Сай айылы) ‒ генерал-лейтенант (2002). 1969-ж. Ленинграддагы (Санкт-Петербург) так механика жана оптика ин-тун бүткөн. 1963‒64-ж. Ленинград з-дунун слесары, 1969‒72-ж. КМУнун лаборанты, электроника б‑ча инженери, начальниги, 1972‒76-ж. Ленинграддагы С. М. Киров атн. текстиль жана жеӊил өнөр жай ин-тунун аспирантурасын бүтүп, респ. эсептөө борборунун бөлүм башчысы, 1976‒78-ж. ФПИнин окутуучусу, 1978‒86-ж. респ. ЖОЖ аралык эсептөө борборунун бөлүм башчысы, директордун орун басары,

АШЫРКУЛОВ82.png

1986‒88-ж. ФПИнин кафедра башчысы, 1988‒92-ж. респ. ЖОЖ аралык эсептөө борборунун директорунун орун басары, 1992‒97-ж. Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебинин ректору, президент-ректору, 1996‒2004-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министринин 1-орун басары, министри, КРдин Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, КРдин Коопсуздук кеӊешинин катчысы болуп иштеген.