АКCЫ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:48, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
    ‒ Жалал-Абад обл-нун түн.-батышында жайгашкан. 1928-ж. уюшулуп, Кызыл-Жар р-ну деп аталган. Курамына Чаткал, Ала-Бука, Кербен, Таш-Көмүр аймактары кирип, Жалал-Абад кантонуна баш ийген. Райондун борбору ‒ Кербен кыш. (2004-жылдан шаар) болгон. 1936-ж. Ала-Бука, Чаткал, Кербен, Таш-Көмүр өз алдынча район болуп түзүлүп, Кызыл-Жар р-ну жоюлуп кеткен. 1943-ж. Таш-Көмүргө шаар статусу берилгенине байланыштуу Таш-Көмүр р-ну Жаӊы-Жол р-ну деп аталып, райондун борбору Таш-Көмүрдөн Малкал
АКCЫ РАЙОНУ6.png


ды (азыркы Жаӊы-Жол) айылына көчүрүлгөн. 1958-ж. районго Караван, 1963-ж. Чаткал, Ала-Бука р-ндору кошулуп, борбору Караван кыш. болуп калат. 1969-ж. Ала-Бука, Чаткал р-ндору кайрадан бөлүнүп чыккан. 1991-жылдан Жаӊы-Жол р-ну А к с р-ну деп аталат. Түштүгүнөн ж-а түш.-батышынан Өзбекстан, батышынан Ала-Бука, түн.-батышынан Чаткал, түн.-чыгышынан Токтогул, чыгышынан Ноокен р-ндору м-н чектешет. Аянты 4,6 миӊ км2. Калкы 113,0 миӊ (2009). Райондо 67 кыштакты бириктирген 11 айыл аймагы бар. Борбору ‒ Кербен ш.
Райондун аймагы Нарын д-нын оӊ куймасы Кара-Суу суусунун алабын бүт ээлейт. Жери тоолуу. Түн., түн.-батыш тарабында Чаткал, түштүгүндө Бозбу-Тоо, чыгышында Ат-Ойнок кырка тоолору жайгашкан. Алардын ортосун да батыштан чыгышка карай Кербен түздүгү созулуп жатат. Кен байлыктары: таш көмүр, курулуш материалдары. Климаты континенттик, жайы ысык, кышы анча суук эмес. Январдын орт. темп-расы тоо этегиндеги ж-а тоо арасындагы дыйканчылык зоналарында ‒2...‒3°C, июлдуку 24‒25°C; тоолорунда январдыкы ‒4...‒5°C, июлдуку 18‒22°C. Жылдык жаан-чачыны райондун түш. бөлүгүндө 290 мм, түн. ж-а түн.-чыгыш бөлүгүндө 600‒650 ммге чейин. Райондун аймагынан Пача-Ата (Падыша -Ата), Кара-Суу ж-а анын куймалары ‒ Авлетим, Ит-Агар, Аркыт ж. б. суулары агат. Алты көл бар; эӊ ириси ‒ Cары-Челек, анын тегерегинде Ийри-Көл, Ала-Көл, Бака-Көл, Кыла-Көл көлдөрү бар. Өрөөндөрдө боз топурак басымдуу, мында шыбак, эрмен, адырашман, жылгын, камгак, ажырык чөптөр, о. эле мисте, бадам ж. б. жемиш бактары өсөт. Тоолору (Чаткал) күрөӊ ж-а кара топурактуу келип, чекилдек, алма, алча, жаӊгак, карагай ж. б. өсөт. Cары-Челек биосфера коругу уюшулган.
Райондун калкынын көпчүлүгү кыргыз (2009-жылдагы эл каттоо б-ча 95,1%), о. эле өзбек, орус, татар, украин, тажик, уйгур ж. б. улут жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 22 киши (2003).
Райондук чарбанын негизги тармагы а. ч-сы. Анын дыйканчылык тармагы өнүккөн. Айдоо аянты 17909 га (2004), анын 7691 гасы сугат жер. Жер ж-а агр. реформанын негизинде райондо 5 колхоз, 4 совхоздун ордуна 230 дыйкан, 30 фермердик, 937 жеке, 3 мамл. үрөн чарбалары түзүлгөн. Райондо дан эгиндери, тамеки, картошка, пахта, жашылча, бахча, 2,3 май өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш айдалат. Бодо мал, кой-эчки, жылкы асыралат. Үй куштары багылат; Өнөр жай ишканаларынан «Ыман-Ата» акционердик коому (1993-ж. «Кербен» сүт-май з-дунун базасында уюшулган), «Гүлазык» жоопкерчилиги чектелген коом (1993-ж. «Кербен» вино цехинин базасында уюшулган), «Мадина» чакан ишканасы (1992-жылдан иштейт; пахта тазалайт, ун чыгарат, жыгач иштетет), «Глейзер -Дунай-Нарын» биргелешкен ишканасы (1997-ж. уюшулган; пахта тазалайт; кубаттуулугу 10 миӊ т) иштейт.
Райондо алгачкы мектептер 1919-ж. Cыны, 1923-ж. Ак-Суу (жетим балдар үчүн жатак-мектеп), 1928-ж. Кербен кыш-нда ачылган. Учурда 44 орто, 5 негизги, 8 башталгыч мектеп иштейт. Мындан тышкары райондун аймагында жатак-лицей, 11 бала бакча, спорт мектеби, муз. мектеп, 2 кесиптик-тех. окуу жайы, 2 балдардын эс алуу жайы, 16 мад-т үйү, кинотеатр, музей, эс алуу багы, 20 мечит бар. Райондун калкын борбордук, 6 айылдык оорукана, 3 айылдык врачтык амбулатория, 29 ФАП, 14 дарыкана, CЭC тейлейт. Райондук «Аксы турмушу» гезити кыргыз тилинде чыгат.

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                         Т. Төрөбекова.