АФИНЫ АКРОПОЛУ
Jump to navigation
Jump to search
‒ Байыркы Афинынын зыярат борбору жана чеп. Дүйнөдөгү эӊ ажайып арх-ралык ансамлдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 м) орун алган. Б. з. ч. 12-к-га чейин А. а. сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит жана мезолит мезгилине таандык. Б. з. ч. 6-к-га таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570‒566)храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы (6‒4-к.) ж. б. сакталып калган.
Б. з. ч. 480-ж. Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу скульптору Фидиянын жетектөөсү менен ишке ашкан. Б. з. ч. 406-ж. бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары б. з. ч. 449‒421-ж. тургузулган. Б. з. ч. 447-ж. архитекторлор Иктин жана Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты Афинага (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (скульптору Фидий) тургузулган. Б. з. ч. 437‒432-ж. архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропилеи (колонналар менен бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Пинакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоӊ эмес Ники храмы орун алган. Ники Антерос храмы. Бул жерде жеӊген атлеттер кудайлар урматына курмандык чалышкан (б. з. ч. 5 к.). Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (б. з. ч. 421‒406-ж. курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. 5-к-дын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соӊ, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-ж. Афиныны түрктөр басып алгандан кийин А. А. пашанын резиденциясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропилейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-ж. А. А-ду венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түш.-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. А. А. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.