АГРЕССИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 1 Март (Жалган куран) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, (лат. aggressio ‒ кол салуу) э л ар а л ы к у к у к т а ‒ мамлекеттер аралык мамиледе мыйзамды бузуп күч колдонуу. 1974-ж. 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган аныктама б-ча мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверенитетине, аймагынын кол тийбестигине же саясий көз каранды эместигине карата куралдуу же БУУнун Уставына дал келбеген күч колдонуу. Күч колдонуу ыкмасы б-ча тике ж-а кыйыр болуп бөлүнөт. Жогорудагы аныктама А-га кошо катышуу сыяктуу өзгөчө жагдайды да камтыйт (мис., өз аймагын А-лык иш-аракет жүргүзүү үчүн берүүсү). А-нын өзгөчө кооптуу формасы болуп куралдуу күч колдонуу эсептелет, ал эл аралык кылмыш катары баалануу м-н эл аралык жоопкерчиликке тартылат. А-нын натыйжасында тартылып алынган аймактар же башка олжолор (аннекциялар) мыйзамдуу боло албайт. А-нын жасалышы тууралуу фактыны тактоо укугу БУУнун Коопсуздук кеӊешине таандык. Мис., 1990‒91-ж-дагы Кувейтке каршы А-га байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеӊеши Иракка каршы олуттуу санкцияларды берген. Ал экон., идеол., психол. же башка формаларда болушу мүмкүн.

М. Артыкбаев, Н. К. Алиева.