АКУСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:53, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКУСТУКА (гр. akustikоs ‒ угуу) — физиканын үндү изилдөөчү бөлүгү. Төмөнкү термелүү жыштыгынан эӊ жогорку термелүү жыштыгына (1012«1013 Гц) чейинки серпилгич термелүүлөрдүн, толкундардын дүүлүгүшүн (пайда болушун), таралуу процессин, зат м-н өз ара аракеттешүүлөрүн ж-а алардын түрдүү тармакта колдонулушун изилдейт. Б. з. ч. 6-к-да эле Пифагор муз. аспаптын кылынын же түтүктүн узундугу м-н угулуучу үн толкунунун бийиктигинин ортосунда байланыш бар экенин байкаган. Аристотель үн чыгаруучу нерсе абаны кысып ж-а сейректете турганын тажрыйбада аныктап, жаӊырыкты физ. жол м-н түшүндүргөн. Г. Галилей үн бийиктиги м-н термелүү жыштыгынын ортосундагы байланышты, М. Мерсенн үндүн абада таралуу ылдамдыгын аныкташкан. 18-к-да  Л. Эйлер, Д. Бернулли ж-а Ж. Д'Аламбер өзөк, пластинка ж-а муз. аспаптын кылдарынын термелүүсүнүн толук теориясын түзүшкөн. 19-к-да Г. Гельмгольц адам ж-а муз. үндөрдүн табиятын түшүндүргөн, угуучу аппаратка окшоштуруп кулактын физ. теориясын иштеп чыккан. 20-к-га чейин А. механиканын бөлүмү катары өнүгүп келген. Мех. термелүүнүн, үн чыгаруунун ж-а үн толкунунун чөйрөдө таралуусунун жалпы теориясы түзүлгөн, үн басымын, энергиясын ж-а таралуу ылдамдыгын өлчөө ыкмалары иштелип чыккан. Радиотехника, радио уктуруунун өркүндөшү м-н 20-к-дын 20-жылдарында А-нын өнүгүшүнүн жаӊы доору башталган. Ал кездеги радиотехниканын электрмагниттик энергияны үн энергиясына өзгөртүп кайра түзүү ыкмалары жаӊы аппараттарды жасоону талап кылды. Жалпы ж-а теориялык А-да серпилгич толкундардын түрдүү чөйрөдө нурлануу, таралуу ж-а кабыл алуу закон ченемдери, о. эле алардын чөйрө м-н өз ара аракеттешүүлөрү изилденет. А-нын тармактарына электр А-сы, арх-ра А-сы, курулуш А-сы, атм. А-сы, геоакустика, гидроакустика, ультраүн физикасы ж-а техникасы, психол. А., физиол. А. ж-а муз. А. кирет.
Ад.: Исакович М.А. Общая акустика. М., 1973.