АДАБИЙ АГЫМДАР
АДАБИЙ АГЫМДАР ‒ белгилүү бир эстетикалык принциптерди көздөгөн, колдогон, ар түрдүү көз-караштагы жазуучуларды бириктирген өзүнчө бир көркөм багыт, көрүнүш. Ар бир элдин, улуттун, региондун ж-а бүт дүйнөнүн көркөм адабияты алардын өсүп-өнүгүү тарыхына тыгыз байланыштуу калыптанат ж-а өнүгөт. Адабий агымдар улам жаӊы чыгармачыл инсандардын келишине байланыштуу өзгөрүп, жаӊыланат. Көркөм процессти дүйнөлүк масштабда караганда, ал жалпы адамзатка тиешелүү эӊ бийик искусстводон тартып, үйрөнчүк, эпигондук адабиятка чейин ар түркүн көрүнүштөрдөн турат. Демек, ар бир элдин, улуттун, региондун ж-а бүтүндөй дүйнөнүн басып өткөн мезгилге ж-а мейкиндикке жараша ар биринин өзүнчө эстетикалык принциптери,стилдик кубулуштары бар. Адабий агымдар жазуучу өзүнүн авторлук жекечелигин түшүнүп, сезгенде гана пайда боло баштайт. Мына ушундай даражага жеткен адабий агымдардын. а-дын көрүнүктүүлөрү Ренессанс (Кайра жаралуу), Классицизм, Сентиментализм, Реализм, Романтизм, Натурализм, Символизм.