АК-САЙ КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:08, 14 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ КӨММҮР КЕНИ Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нунда, Ак-Сай суусунун башатында, Жаман-Даван тоосунун түн. этегинде. Кен ж-дөгү алгачкы маалымат 1936‒39-ж. берилген. 1952-ж. издөө иштери, 1955‒56-ж. көмүр казып алуу үчүн 60 м тереӊдикке чейин штольня өткөн, 1957‒59-ж. издөө-баалоо, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүрлүү юра катмарында негизги кабат ж-а бир нече кабатчалар бөлүнгөн. Негизги кабатынын калыӊдыгы өтө өзгөрүлмөлүү ж-а кендин ар түрдүү бөлүгүндө ар кандай. Анын калыӊдыгы 0,05 мден 6,90 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн сапаты, технол. касиети, петрографиялык курамы изилденбегендигинен кайсы маркага тийиштүү экендиги белгисиз. Көмүр айрым көрсөткүчтөрү б-ча таш көмүр, башка көрсөткүчтөрү б-ча күрөӊ көмүр метаморфизм стадиясына таандык. Орт. күлдүүлүгү 11,0%, орт. күйүү жылуулугу 28,24 МДж/кг (6746 ккал/кг). Эсептелген запасы (В+С12 категориясы б-ча) 183 миӊ т.