БАЗАРОВ Геннадий Садырович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Геннадий Садырович (14. 5. 1942-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ат-Башы айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, КРнын эл арт. (1991),

КРнын иск-вого эмг. сиӊ. ишмери (1974). 1966-ж. Москвадагы Бүткүл союздук мамл. кинематография ин-тун бүткөн. Эмгек жолун 1959-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1967-ж. «Саманчы жолу» фильмин дипломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (Х. Булатов, Дегаль

БАЗАРОВ 1115.png

цев, А. Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи» (Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дядюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жантөшевдин романы б-ча), «Айыӊ» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) ж. б. көркөм фильмдерди ж-а «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыӊгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новеллаларды, даректүү фильмдерди ж. б. тарткан. Мад-т ж-а иск-вонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова ж. б. ж-дө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барат. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.