БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Жалал-Абат обл-ндагы адм. бирдик. 1934-ж. чейин анын курамында Масы р-ну да болгон. 1937‒78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базар-Коргон р-ндору эки жолу биригип, кийин Ленин р-ну аталган. 1978-жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түн.-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Cузак р-ндору, түш.-батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миӊ км2. Калкы 158,8 миӊ (2015). Райондо 9 айыл аймагы, 55 кыштак бар. Борбору ‒ Базар-Коргон кыш.

Райондун аймагы негизинен Кара-Үӊкүр өрөөнүн ж-а аны курчап турган Бабаш-Ата кырка тоосунун түш.-чыгыш, Кеӊкол, Фергана тоолорунун түш. капталдарын, о. эле Фергана өрөөнүнүн түн.-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр, Каба, Ачы жапайы жаӊгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деӊиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы ‒3...‒10°C; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орт. темп-расы 10‒20°C. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөӊ бөлүгүндө 300‒400 мм, тоолуу

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ113.png

бөлүгүндө 1100 ммге чейин. Райондун аймагынан Кара-Үүӊкүр суусу агат; ал Фергана ж-а Бабаш-Ата тоолорунан башталып, Кызыл-Үӊкүр, Жазы-Кечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрүнөн Кеӊкол, Кутман-Көл, Каракол сыяктуу ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөӊ ж-а күрөӊ-тоо топурактуу. Б.-К. р-нун аймагында Түш. Кырг-ндагы жапайы жаӊгак-жемиш токоюнун эӊ жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр) жайгашкан. Ал массивдер ‒ дүйнөдөгү эӊ кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаӊгак-жемиш токою түзөт. Жаӊгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, о. эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Cуу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаӊгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайыӊ, шилби, табылгы кездешет.
Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орт. жыштыгы респ-нын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км2 жерге 64 киши. Райондун экономикасынын негизин а. ч. түзөт. А. ч-нын негизги багыты пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район б-ча 2003-ж. 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үйбүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. А. ч-га жарактуу жери 104,7 миӊ га, анын 13,8 миӊ гасы сугат жер, 5543 гасы чабынды, 78,3 миӊ гасы жайыт, 791 гасы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлеринен 2003-ж. 26,0 миӊ т буудай, 17,4 миӊ т пахта, 0,2 миӊ т тамеки, 10,3 миӊ т картөшкө, 3,6 миӊ т мөмө-жемиш, 19,8 миӊ т жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миӊ т тоют жыйналган. 2003-ж. буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, шалы 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынуучу өсүмдүктөр 4451 га, картөшкө 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-ж. 55,6 миӊ кой-эчки, 4,6 миӊ бодо мал, 6,9 миӊ жылкы, 7,0 миӊ үйкушу асыралган, 6,2 миӊ т эт, 33,3 миӊ л сүт, 163 т жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн.
Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтынкемер» ишканалары, «Кыргыз ‒ Түрк Этем Озсой» з-ду, жаӊгак жыгачынан үй буюмдарына керектүү материалдарды жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. О. эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Кара-Үӊкүр» акционердик коомдору, сүт, нан з-ддору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон кыштагында жеке менчик 8 базар бар.
Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү ‒ автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы уз. 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базар-Коргон кыш. ‒ жолдор тоому. Ал аркылуу Бишкек ‒ Жалал-Абат ‒ Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон ‒ Арстанбап, Базар-Коргон ‒ Кызыл-Үӊкүр ж. б. автомобиль жолдору бар.
Райондо 2003‒04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базар-Коргон, Кажырабат кыш-нда) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер ж-а 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миӊ окуучу окуп, 2,3 миӊ мугалим иштеген, 13 бала бакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), муз. мектептер (115 окуучу), гимназия жатак мектеби, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр аймактарында окуучулар жайында эс алуучу жайлар бар. Райондо борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миӊ нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социал. комплекс, 13 мад-т үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар ‒ Арстанбап-Ата, Актайлак-Ата, Көлкупан-Ата тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таӊы» гезити чыгат.
Ө. Бараталиев.