БАДЫРАҢ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Cucumis sativus) ‒ ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык чөп өсүмдүк. Өзөк тамырлуу (1 мдей), сабагы (1‒2 м) жерге төшөлүп же оролуп өсөт. Жалбырагы жазы, беш бурчтуу, учтуу; кезектешип жайгашат. Гүлү

коӊгуроо сымал, өӊү сары. Негизинен бир үйлүү, айрым жыныстуу өсүмдүк. Мөмөсү сүйрү, көп (100‒400) уруктуу. Анын 30дай түрү не

БАДЫРАҢ109.png

гизинен Африкада, айрым түрү Азияда кезигет. Ал жарык, нымдуу, жылуу жерде жакшы өсөт. Эгилме Б. Индиядан таралган. Бардык жерде өстүрүлөт. Жаӊы кезинде, туздалган, маринад далган түрдө желет. Курамында суу, кургак зат, а. и. кант, белок, май, клетчатка, С, В1, В2 витаминдери, орг. к-та, эфир майы ж. б. болот. Жылытылмада (теплицада) да өстүрүлөт. Кырг-нда Түшүмдүү-86, Назик, Берешен-118, Жеӊүүчү ж. б. сорттору эгилет. Зыянкечтери: бадыраӊ желелеме кенеси, бадыраӊ бити. Илдеттери: бактериоз, чаӊгыл кебер, ак чирик, антракноз.