БАДАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДАНА ‒ жоокерлер кийүүчү ок өтпөс тон, зоот; баатырлардын сырт кийими. Эпостордо ок өтпөгөн Б. тон же кош Б. деп да берилет: «Жакасы алтын, жеӊи жез, кош бадана, торгой көз. Келеме жака, кеӊ күрмө, керишке тийсе ок өтпөс». Айрым учурда чыӊ Б. деп берилет: «Чыйырчык алтын, чымчык көз, чыӊ бадана торгой көз». Б. ичке металл зымдан жасалган чынжырчалардан (диаметри 13‒16 мм) өрүлгөн зоот кийим экендиги жоромолдонот. Сак, сармат, байыркы түрк дооруна тиешелүү эстеликтерди казуу учурунда буюмдар менен кошо Б-нын калдыктары да табылып, анын жеӊи чыканакка, этеги тизеге чейин жетип, эки капталы тилик, тик жакалуу жасалгандыгын айгинелейт.