БАГЫНЫҢКЫ СҮЙЛӨМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ багыныӊкы байланыштагы кошмо сүйлөмдүн тутумунда туруп, мааниси жана граммат. түзүлүшү б-ча баш сүйлөмгө багынычтуу, көз каранды болгон бирдик (сүйлөм). Кошмо сүйлөмдүн тутумундагы багыныӊкы сүйлөмдөрдүн синтаксистик милдеттери ар түрдүү келип, аны аныктоонун, классификациялоонун негизги критерийи катары баш сүйлөм менен багыныӊкы сүйлөмдүн маанилик ички катыштары эсептелет. Мындай катыштар байламталардын жана багыныӊкы сүйлөмдүн баяндоочунун түзүлүшү менен формасынын жардамы аркасында аныкталат. Кыргыз тилинде Б. с. баш сүйлөм менен түзгөн маанилик катышына, баяндоочунун формасына жана түзүлүшүнө, аткарган синтаксистик милдетине жараша: мезгил Б. с., шарттуу Б. с., себеп Б. с., сыпат Б. с., каршы Б. с., салыштырма Б. с., максат Б. с., өлчөм Б. с., орун Б. с. болуп бөлүнөт.