БАГЛАНОВА Роза

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Роза (1. 1. 1922-ж. т., Кызыл-Ордо обл., Казалы ш.) ‒ ырчы (сопрано), Казак ССР эл арт. (1955), СССР эл арт. (1967). 1939‒41-ж. Кызыл-Ордо пед. ин-тунда окуган. Өнөр жолун Ташкент филармониясынын ыр-бий ансамблин

де ырчы болуп баштаган. Ошол ансамбль м-н Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронттогу жоокерлерди эрдикке шыктандырган ырларын тартуулап, 1945-ж. 9-майда Берлиндеги жеӊиш концерти не катышкан. 1947‒49-ж. Казак опера ж-а балет театрынын, 1949‒60-ж. Казак филармониясынын,

БАГЛАНОВА105.png

1960-жылдан Казак концерттин ырчысы. Б. казактын элдик ж-а композиторлордун ырларын, чет элдик (венгр, өзбек, кыргыз, тажик, украин, грузин, азербайжан, корей, кытай, орус, индия, моӊгол ж. б.) ырларды, эстрадалык чыгармаларды чебер аткарган. Ал 1946-ж. Москвада өткөн Бүткүл союздук эстрада ырчылары нын 2-конкурсунун, 1949-ж. Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар м-н студенттердин фестивалынын лауреаты. Чет өлкөлөрдө (Польша, Германия, Бельгия, Венгрия, Австрия, Чехословакия ж. б.) гастролдо болгон. Комп. Э. Есбаев, Б. Байкадамов, Ш. Калдаяков, Б. Жамакаевдин ырларынын аткаруучусу. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери м-н сыйланган.