«БАБУР-НААМА»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Бабур Захир ад-диндин автобиогр. жанрдагы жазылган тарыхый чыгармасы. Бабурдун өмүр баяны ж-а тарыхый окуялар камтылган. Түрк (чагатай) тилинде 1526‒30-ж. жазылган. Ал эмгекте 1493‒1529-ж. О. Азия, Афганстан, Түн. Индиядагы маанилүү тарыхый окуялар, ал аймакта жашаган элдердин үрп-адаттарын, салтын, чарбасын ж. б. чагылдырган маанилүү маалыматтар камтылып, тимуриддер м-н Мухаммед Шейбанинин ортосундагы Моголстандагы так талашуу үчүн болгон согуштар, аймактагы шаарлардын (Аксыкент, Кабул, Шаш, Бухара ж. б.) көрүнүшү, арх-расы сүрөттөлүп, Сыр-Дарыя, Жети-Суу боюн мекендеген элдер, Азия м-н Индостанды жердеген жаныбарлар тууралуу баяндалган. О. эле Кырг-ндын саясий тарыхына ж-а тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалымат тар кездешет. Түш. Кырг-ндын тоолуу аймагын мекендеген чогорок уруусу тууралуу да айтылган. Бабурдун эмгегинде белгилүү окуяга, адамдын кулк-мүнөзү ж-а сүйүү сезимине арналган, о. эле кээде филос. көз карашта жазылган ырлары да бар. «Тарих-и Рашидинин» автору Мухаммед Хайдар Дуглат тууралуу да кабар кездешет. Бабур дүйнөдөн кайткандан кийин чыгарма фарси, кийинчерээк англис тилине которулган. Чыгарманын кол жазмасын Н. И. Ильминский орус тилине которуп, 1857-ж. Казан ш-нда, 1905-ж. А. С. Бевериже тарабынан Лондондон басылып чыккан. «Б.-н.» англис (1826, 1921), француз (1871, 1985), орус (1943, 1958), түрк (1987), япон (1995, 1996), өзбек (1960), казак (1990, 1993) тилдеринде жарык көргөн. 1990-ж. «Б.-н-нын» 460 жылдыгы эл аралык деӊгээлде

майрамдалып, Ташкентте «Бабур-нааме жана Чыгыш Ренессансы» деген темада илимий-тео риялык конференция өткөрүлгөн.