БАБА ДЫЙКАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:12, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ дыйканчылык м-н кесип кылган о. азия элдериндеги диндик, мифология лык түшүнүк. Дыйканчылыктын колдоочусу (пири) эгинди аралап кетсе, дан мол болот деген ишеним болгон. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ынанымда пайдаланган. Ал аксакал карыя же канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ойлошкон. Түшүм мол болсун үчүн, анын урматына ырым-жырымдарды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. Б. д. түшүнүгү мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат.