АЯК КҮҮЛӨР
Jump to navigation
Jump to search
АЯК КҮҮЛӨР ‒ комуз күүлөрүнүн тобу. Аяк күүлөр комуз моюнунун көкүрөк бөлүгүнө жакын жеринде же аяк жагында аткарылгандыктан ушундай аталат. Аяк күүлөргө шыӊгырамалар, ботойлор ж. б. кирет (мис., салттуу «Ботой» күүлөрү, Карамолдо Орозовдун «Чаржайыт ботой», «Токтогулдун ботою», «Муратаалынын ботою», «Сейилкандын ботою» ж. б.).