АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО
Jump to navigation
Jump to search
‒ самолётто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы м-н жер бетиндеги тоотектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, кендерди издөө, чалгындоо ыкмасы. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы СССРде (1955-ж.), Швецияда, Канадада ж-а АКШда иштеп чыгарылган. Кендерди издөөдө, геол. съемкада ж-а гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеӊири пайдаланылат. А. ч-до электр-магниттик толкундарды жаратуучу ж-а таратуучу генератор рамасы пайдаланылат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоотек катмарларына, кенташтарга (рудаларга) өтүү м-н электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электр-магниттик толкундары самолёттогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып катталат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоотектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал б-ча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. А. ч. ыкмасы жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдонуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.