АЭРОТЕРАПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:24, 4 Август (Баш оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (аэро... ж-а терапия ) ‒ ачык абада организмди чыӊдоо ж-а дарылоо ыкмасы. Дарылоо ж-а ден соолукту чыӊдоо максатында колдонулат. Анын негизги максаты дененин сырткы темп-ранын терс таасирлерине чыдамдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Таза абада болуу узактыгы жыл мезгилине, аба ырайына (абанын темп-расына, нымдуулугуна, шамал күчүнө) дененин чыдамдуулугуна, ден соолукка жараша болот. Ал санаторий-курорттук дарылоодо климат м-н дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт. Аба ваннасын кабыл алуу убактысы улам узартылып, нымдуу сүлгү м-н сүртүнүү, душка, сууга түшүү м-н айкалыштырылып жүргүзүлөт.