АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР‒ атм-нын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, темп-расын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атм-нын турбуленттүү лүгүн, озон м-н аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атм-нын потенциялын ж. б. өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги А. п. ‒ метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорол. лабороториялардын жардамы м-н ченелет. Атм-нын 100 км ж-а андан бийик катмарларындагы абанын темп-расын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорол. ракеталар, өтө кеӊ мейкиндиктеги атм-ны изилдөө үчүн метеорол. спутниктер пайдаланылат.