АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 14 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (аэро… ж-а климатология) ‒ атм-нын жогорку катмарындагы климаттык шарттар ж-дөгү илим; климатологиянын бир бөлүмү. Ал тропосферадагы ж-а стратосферанын төмөнкү бөлүгүндөгү климаттык шарттарды изилдейт. Көп жылдык байкоо м-н радиозондоонун ж-а учуучу шар станциялардын маалыматтары А. үчүн негизги материалдар болуп эсептелет (к. Аэрология ). А-нын милдети ‒ негизги метеорол. элементтердин үч өлчөмдүү бөлүнүш ж-а өнүгүшүнүн эмпириялык жол м-н аныктап, теориялык жактан түшүндүрүү. А-нын маалыматтары атм-нын жалпы циркуляциясынын үч өлчөмдүү көрүнүшүн ж-а ага байланыштуу жер шарындагы темп-ранын, нымдуулуктун режимин аныктоого мүмкүндүк берет. Аба трансп. катнашын камсыз кылууда А-лык изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси чоӊ.