АШТАРХАНИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ж а н и д д е р ‒ Бухара хандарынын 1599‒1765-ж. бийлик жүргүзгөн династиясы, астрахань хандарынын тукумдары. А-дин бийлиги Бухарада Шейбаниддердин бийлиги кулатылган соӊ орнотулган. А-дин көрүнүктүү бийлөөчүлөрү: Имамкулихан (1611‒42), Убайдуллахан II (1702‒11). А-дин тарыхы көчмөн өзбек уруулары, каракалпак, казак жана калмактардын саясий күрөштөрү менен тыгыз байланыштуу. Айрым бир тарыхый маалыматтар да алардын саясий иштерине кыргыз уруу төбөлдөрү да катышканы айтылат. Мир Мухаммед Салим ажынын «Султандардын санжыра сы» («Силсилат ас-Салатин») деген эмгегинде (1730‒31) А-де таасирлүү бийликтеги Назар бий жана анын уулу Хосров бек буруттар (кыргыздар) болгондугу эскерилет. Бухара хандыгынын тактысына маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим аталыктын отурушу менен А-дин бийлиги аяктаган.