АШКЕНАЗДАР
15:27, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
, а ш к и н а з д а р ‒ еврейлердин этностук тобу. Саны 10 млн адам (2014). Идиш тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү иудаизм динин тутушат. А. 1‒2-миӊ жылдыкта роман, арамей ж-а славян тилдүү еврей улуттарынын негизинде Рейндин ортонку алабында, Дунайдын жогорку ж-а чыгыш Альпы зоналарында калыптанып, немец тилин кабыл алышкан. 12‒15-к-да А-дын негизги бөлүгү Польша ж-а Улуу Литва княздыгынын аймактарына, чыгышы Киев Русуна отурукташып, славян тилдүү кенаиттер тобу м-н ассимиляцияланышкан. Алар лытвактар (Литва, Белоруссия, чыгыш Польшада), пойли (Польшада), курлендер (Латвияда), галыцианер (Галицияда), волын-подолдук ж-а валах-бессарабиялык еврейлер (Украина, Молдавия, Румыния, Трансильвания) ж. б.
субэтностук топторго бөлүнөт. Иудаисттик дин нормаларына ылайык эркектер узун кофта (лапсердан), башына кара түстүү баш кийим (ярмолка) кийишип, жээгине мех бастырып тигилген (штраймл) ак-кара же ак-көк түстөгү атайын шалы-жоолук жамынышып, сакалдарын ж-а бир тутам чач (пейсы) коё беришкен. Аялдар башына жоолук салынышкан. Тамак-ашы ун, эт, балык азыктары. А-дын тукумдары Израилде 50% ж-а диаспордогу еврейлер 80%ти түзөт.
Ш. Керимова.