АШИРАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Абдиумаматкадыр (1953-ж. т., Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Ак-Тоок айылы)‒ техника илимд. доктору (2002). ФПИни бүтүргөн (1976). Кыргыз ССР ИАнын Автоматика ин-туннун, механика ж-а тоо-кен машиналары бөлүмүндө инженер (1976), «Импульс» ил. инженердик борборунда окумуштуу-катчы (1989), ЖАМУда окутуучу, доцент, окумуштуу-секретарь, кафедра башчы, ил. иштер б-ча бөлүм башчы, декан, ректор. 50дөн ашык ил. эмгеги ж-а монографиясы жарык көргөн. Алар негизинен тоо тектерин бургулоо үчүн өндүрүмдүү машиналарды түзүүгө ж-а тоо жумуштарын механикалаштырууга багытталган.