АДАБИЯТ ТАРЫХЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:36, 23 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ ад-т илиминин курамдык бөлүгү. А. т. дүйнөлүк ад-ттын жалпы өнүгүүсүнүн жүрүшүн, конкреттүү көркөм ад-ттын жаралуу ж-а өнүгүү процессин, андагы стилдер м-н багыттардын пайда болушун, калыптанышын, алмашып турушун, о. эле айрым жазуучулардын жекече чыг-лыгынын өсүү жолун, тарыхын изилдейт. Улуттук же дүйнөлүк адабий өнүгүүнүн процессин тереӊ үйрөнүп, ушул өсүш процессиндеги тигил же бул конкреттүү адабий көрүнүштүн ордун салмактайт, аныктайт. Макалаларды, монографиялык эмгектерди, жазуучулардын жеке чыг-тарын үйрөнүү ж-а тигил же бул көркөм методдун, түрдүн, жанрдын калыптанышын, өзгөчөлүгүн, тарыхый тагдырын үйрөнүү А. т-нын изилдөө объектисине кирет. А. т. б-ча изилдөөлөр айрым учурда бүтүндөй бир доорду (мис., «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 2 томдук. Ф., 1987, 1990; «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 7 томдук. Б., 2002), кээде белгилүү бир мезгилдик алкакты (мис., С. Жигитов. «20-жылдардагы кыргыз адабияты». Ф., 1983) камтыйт, кээде белгилүү бир акын-жазуучунун чыг-ына (мис., Ш. Үмөталиев. «А. Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары». Ф., 1958) арналат. А. т. тигил же бул конкреттүү адабий процессти, изилдөөдө адабият теориясынын принциптерине негизденет ж-а адабий материалды кароодо адабий сындын жыйынтыктарын эске алат.