КОҢГУРОО урма музыкалык аспап

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:28, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Lera moved page КОҢГУРОО to КОҢГУРОО урма музыкалык аспап) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КОҢГУРОО – дүйнө элдерине кеңири тараган өзү добуш берген урма музыкалык аспап. Бул аспап кыргыздардын арасына абалтан эле белгилүү. Ал негизинен кулун, тайларга, тайлактарга жана башка жандыктарга өзүнчө бир касиеттүү тумар катары тагылган. Коңгуроо көбүнчө алмурут түспөлүндө жезден, колодон, темирден жана башкадан жасалган. Ичине кыймылдаганда өзү добуш бере турган темирден кичинекей тоголок тилче илинген. Коңгуроо эл жайлоого көчкөндө, кыштоого түшкөндө көч баштаган кыз-келиндердин аттарына, жетелеген төөлөрүнө да тагылган. Коңгуроо кабар берүүчүлүк милдетти аткарган. Азыркы мезгилде коңгуроо «Камбаркан», «Ордо сахна» жана башка фольклордук топтордон баштап, жаңы өмүргө ээ болууда.