ГАВАЛ
Jump to navigation
Jump to search
ГАВАЛ, далдама, кили, дачу – 1. Дагестандыктардын бир жагына жаргак тартылган урма музыкалык аспабы. Эки бетүү барабандын түркүмүнө кирет. Эки жагына тери (жаргак) капталат. Диаметри 350-400 миллиметр келет. Гавал негизинен Дагестандын түштүк аймагына кеңири тараган. Жеке жана эл аспаптар тобуна кошулуп ойнолот. Алгач комуз менен бирге бийди коштойт. Гавал манжалар же ичке таякча менен дыбырата чаап ойнойт.