«А» тамгасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:36, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Батма (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«А» – 1) Кыргыз алфавитиндеги биринчи тамга. Кирилл графикасын колдонгон элдерде, латын алфавитинде колдонулат. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) Кыргыз тилинде кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) Байыркы кыргыз (түрк) жазмасында -Г сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) Чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мис., алогикалык - логикасыз; асимметрия - симметриясыз); 5) Иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет.

Жазуунун түрү Белгиси Мезгили
Орхон-Енисей жазуусу V - Х-к.
Араб алфавити 1 XVIII к - 1927-ж.
Латын алфавити А а 1927 - 1941-ж.
Орус (кириллица) алфавити А а 1941-жылдан