АДАБИЯТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:32, 23 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (ар. асыл сөз) ‒ басмадан басылып чыккан коомдук мааниси бар чыгармалардын жалпы аты. Саясий А., тарыхый А., техника лык А., илимий А., медициналык А. сыяктуу кеӊ мааниде айтылат. Тар маанисинде алганда, А. деп көркөм ад-тты түшүнөбүз. Көркөм А. ‒ иск-вонун бир тармагы, сөз өнөрүнүн жазма түрүндө өнүккөн формасы. Ал көркөм сөз өнөрү катары элдин оозеки чыгармаларында пайда болуп, бийик деӊгээлге көтөрүлгөн; жазма-чийме ж-а китеп басуу чыккандан кийин азыркы калыбында өнүгө баштаган. Ал коомдук аӊ-сезимдин башка формаларынан (философия, илим, мораль, укук, саясат ж. б.) образдуу табияты, коомдук аӊ-сезимдин жалпы система сынан ээлеген орду, аткарган милдети м-н айырмаланат. Көркөм А. объективдүү дүйнөнү өз алдынча аӊдап билет: тигил же бул коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөрдүн негизги өнүгүш багыттарын элестүү формада чагылтат, аларды тарыхый келечеги м-н кошо карайт; адамдардын эстетикалык, рухий ж-а идеялык-тарбиялык жактан текши өнүгүшүн шарттайт; коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөргө өз доорунун, саясий-идеологиялык, филос.-нравалык, эстетика-этикалык принциптери м-н идеалдарынын бийиктигинен туруп өкүм чыгарат, б. а., прогрессчил көрүнүштөрдү жактайт, терс көрүнүштөрдү ашкерелейт. Ал коомдук аӊ-сезимдин бир формасы болгондуктан, анын өсүп-өнүгүшү, бир формадан экинчи формага өтүшү коомдук-экон. формациялардын алмашуу мыйзамченемдүүлүктөрү м-н байланышта жүрөт. Мис., жазма-чийме пайда болуп, ад-т жаралганга чейин, фольклордук (элдик оозеки) чыгармалар түзүлөт. Бардык эле элдер рухий өнүгүш тарыхында ушул жолду басып өткөн. Алсак, Октябрь рев-ясына чейин кыргыз элинин көркөм сөз өнөрү фольклор түрүндө жашаган. Фольклордук чыгармалардын турмушту көркөм чагылтуу принциптери м-н жазма профессионал ад-ттын эстетикалык принциптеринин ортосунда байланыш, окшоштук м-н бирге сапаттык айырмачылыктар болот. Жазма-чийме чыккандан кийин профессионал ад-т түзүлөт. Көркөм А. өзүнүн тарыхый өнүгүш процессинде классицизм, сентиментализм, романтизм, сынчыл реализм өӊдүү түрдүү көркөм методдордун баскычтарынан өттү. Дүйнөлүк көркөм өнүгүштө реализм У. Шекспирдин трагедияларында, 19-к-дагы француз ад-тында О. Бальзактын, М. Стендалдын, орус ад-тында А. С. Пушкиндин, Ф. М. Достоевскийдин, Л. Толстойдун чыгармаларында өзүнүн классикалык бийиктигине көтөрүлгөн. Улуу жазуучулар М. Горький м-н В. В. Маяковский, М. Шолохов, К. Федин, Л. Леонов, А. Твардовский, А. Фадеев, М. Ауэзов, А. Упит, М. Рыльский ж. б-дын классикалык чыгармалары анын өсүү этабын белгиледи. А. Осмонов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов ж. б-дын белгилүү чыгармалары кыргыз ад-тындагы ийгилик тердин күбөсү болду. А-тты адабият таануу изилдейт.
Ад.: Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002; Горький М. О литературе. М., 1953. А. Садыков.