ИНТЕГРАЦИЯ 1
ИНТЕГРА́ЦИЯ (лат. integratio –калыбына келтирүү, толтуруу; integer – бүтүн) – этнология илиминде этносторду бириктирүү процессиндеги көрүнүштөрдүн бири. Бир мамлекетте же ири аймакта чогуу жашап, тили, мад-ты, үрп-адаты, салттары бири бирине окшобогон элдердин ортосунда жалпы элементтердин пайда болуу
процесси. Бул процесс жаңы этностук топтун пайда болушуна алып келбестен, эки же андан
көп этностордун ортосунда тилдик окшоштуктарга, маданий системалардын жалпылыгына
алып келет. Дүйнө элдеринин тарыхый, этномаданий өнүгүүсүндө И. Процесси прогрессивдүү
ролду ойноп келген. 19-к-дын 2-жарымынан О. Азиянын отурукташкан элдеринин ж-а келгиндердин таасиринин натыйжасында кыргыз элинин салттуу жашоо-тиричилиги кескин өзгөрө баштап, 20-к-да Кырг-нда ар кандай мад-ттар м-н жалпылык белгилери пайда болгон. Коммунисттик идеологияга ылайык жал-пы совет суперэтносун түзүү максатында Сов.
Союзунда жашаган бардык элдердин улуттук, жерг. өзгөчөлүктөрүн, тилин дагы жоюп, орус
тилинин ж-а мад-тынын негизинде жаңы совет элин түзүү болуп эсептелген. Ч.Айтматовдун
«Кылым карытар бир күн» романында И-нын айрым терс көрүнүштөрүнүн бири– «маңкуртчулук» идеясы чагылдырылган.
А. Көчкүнов.