АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 28 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19-кылымдын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) жана таскакчыл (голланд жылкысы жана башка) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу менен чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукумдуулугу боюнча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер жана башка. Ыйык жалынан бийиктиги 153–157 см, көкүрөк курчамы 170–185 см, тулку боюнун узундугу 154–158 см, бутунун жоондугу 18–20 см. Айгырынын орточо салмагы 450 кг, бээсиники 350 кг. Америка таскакчылы жылкысынын айрымдары 1609 м аралыкты 1 мин 55,25 секда таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 секда жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция жана башка өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-кылымдын аягында алып келинген. Америка таскакчылы менен орлов таскакчыл жылкысын аргындаштырып, орус таскакчыл жылкысы алынган.