АЭРОЗОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЗОЛДОР (аэро… лат. solutio ‒ эриме) ‒ көзгө илешпеген майда бөлүкчөлөрдүн (дисперсиялык бүркүндүлөр) абада же газда чаӊгыттап турушу. Табиятта кезигүүчү аэрозолдор ‒ түтүн, боз, булут, туман жана чаӊ. Түтүн газ абасындагы химиялык заттардын жаӊы фаза пайда кылуу менен аракеттенишинен, күйүүдөн ж. б.; туман суюктуктун көзгө илешпеген майда тамчыларынын абада таралышынан пайда болот. Чаӊдын аэрозолдору калкып көтөрүлүп, абаны булгап, боз тунарык түшүрөт. Ал айыл чарбада, медицинада, ветеринарияда ж. б. колдонулат.